“Кичи-Бүргөндү, Бүргөндү жана Кыпчак-Талаа айылынын тургундарынын ден-соолугунун муктаждыгына жана жашоо турмушунун начардыгына байланыштуу жазган кайрылууларын кароо жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 4 ТОКТОМУ 4-октябрь 2023-жыл
“Кичи-Бүргөндү, Бүргөндү жана Кыпчак-Талаа айылынын тургундарынын ден-соолугунун муктаждыгына жана жашоо турмушунун начардыгына байланыштуу жазган кайрылууларын кароо жөнүндө”
Кичи-Бүргөндү айылынын тургуну Жумакозу кызы Муаззамдын, Бүргөндү айылынын Жаштык көчөсүнүн тургуну О. Ташматова, Кыпчак-Талаа айылынын тургундары Кулунбек кызы Алмагүлдүн жана Жакып кызы Венеранын ден-соолугунун муктаждыгына жана жашоо турмушунун начарадыгын байланыштуу жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXII – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кичи-Бүргөндү айылынын тургуну Жумакозу кызы Муаззамдын, Бүргөндү айылынын Жаштык көчөсүнүн тургуну О. Ташматованын, Кыпчак-Талаа айылынын тургундары Кулунбек кызы Алмагүлдүн жана Жакып кызы Венеранын ден-соолугунун муктаждыгына жана жашоо турмушунун начарадыгын байланыштуу жазган кайрылууларыэске алынсын.
- Үй шарты оор болуп дарылануу үчүн муктаж болгон айыл өкмөтүнүн Кичи-Бүргөндү айылынын тургуну Жумакозу кызы Муаззамга3 000 (үч миң) сом, Бүргөндү айылынын Жаштык көчөсүнүн тургуну О. Ташматованын3 000 (үч миң) сом , Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Кулунбек кызы Алмагүлгө 3 000 (үч миң) сом, Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Жакып кызы Венерага 5 000 (беш миң) сом жалпысынан 14 000 (он төрт миң) сом акча каражаттары жардам иретинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
- Жогоруда каралган акча каражаттары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Осмоновго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы А. Кубатбеков