Облус башчысы Манас шаарынын тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту

Облус башчысы Манас шаарынын тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту
Бүгүн, 21-май күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырманын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад оьлусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарынын тургундары менен жолугушту.
Жыйынга жалпысынан 570 жаран катышып, алардын ичинен 74 тургун сөз сүйлөп, 150дөн ашуун ар түрдүү көйгөйлөр жана кайрылуулар көтөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаар тургундары тарабынан коммуналдык кызматтардын ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлөр, тазалык маселеси, суу чарба тармагындагы көйгөйлөр, жер тилкеси, турак жай менен камсыздоо, жол коопсуздугун камсыздоо маселелери айтылды. Ошондой эле шаардын кооптуу аймактарында жана коргоо зоналарында курулган турак үйлөрдүн документтерине байланышкан көйгөйлөр көтөрүлүп, жарандар тарабынан бир катар социалдык жана жеке укуктук маселелер айтылды.
Көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнө мыйзам чегинде ыкчам жана сапаттуу иш алып баруу боюнча тапшырмаларды берди.Мындан сырткары, жарандардын кайрылууларына өз убагында көңүл буруу, коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртуу жана көйгөйлөрдү жеринде чечүү мамлекеттик органдардын негизги милдеттеринин бири экени белгиленди.