Облус башчысы Сузактын Кыз-Көл айыл аймагынын тургундары менен жолугушту

Облус башчысы Сузактын  Кыз-Көл айыл аймагынын тургундары менен жолугушту
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга жалпысынан 300гө жакын айыл тургуну катышып, 50гө жакын жаран тарабынан 120 маселе көтөрүлдү.
Тургундар негизинен жайыт маселеси, ички жолдорду оңдоо, мектеп курулушу, мал уурулуктун алдын алуу, жер тилкелерине байланыштуу көйгөйлөр, кооптуу аймактарга кайрадан мониторинг жүргүзүү, ошондой эле жеке укуктук маселелер боюнча кайрылышты.
Облус башчысы көтөрүлгөн маселелердин ар бирин тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте карап чыгып, аларды мыйзам чегинде чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Айрым маселелер боюнча жеринде түшүндүрмөлөр берилип, жооптуу кызматтарга көзөмөлгө алуу милдеттендирилди.