Облус жетекчиси Базар-Коргондогу “Алтын-Куш Агро” тоок фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Облус жетекчиси Базар-Коргондогу   “Алтын-Куш Агро” тоок фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарында жайгашкан “Алтын-Куш Агро” тоок фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Аталган ишкана 2025-жылдын 29-август күнү Эгемендүүлүк майрамына карата өлкө башчысынын онлайн катышуусунда ачылып, ишке берилген.

Жеке ишкер Эркинбек Усенов тарабынан негизделген фабрика 1 гектар жер аянтында жайгашып, жалпы сметалык баасы 130 млн сомду түзөт. Учурда анын алгачкы этабында 31 миң тоок багылууда. Экинчи этап ишке берилсе, жалпы 70 миң тоок багуу пландалган. Алдыдагы убакытта тоокторду эт багытында өстүрүү да каралууда.

Фабриканын негизги продукциясы тоок жумурткасын өндүрүү. Ошондой эле 2025-жылдын май айынан тарта тоют даярдоочу цех иштеп, кататтуулар фабрикасы үчүн дан азыктары даярдала баштаган.

Ишкананын ачылышы менен 16 адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болгон. Өндүрүлгөн продукциялар Жалал-Абад жана Ош облустарынын базарларына жеткирилүүдө.

Облус башчысы жеке ишкерлерди колдоо багытында алгылыктуу жумуштар жүргүзүлүп, ишкердикти өнүктүрүү менен жергиликтүү экономикага салым кошуу аракеттери активдүү жүргүзүлүп жатканын белгиледи.