Сузакта ден-соолугунан майыптыгы бар жарандар үчүн реаблитатциялык борбор курулуп жатат

Сузакта ден-соолугунан майыптыгы бар жарандар үчүн реаблитатциялык борбор курулуп жатат

Райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Мамытовдун айтымында курулуш иштери 2 айдын ичинде аягына чыгып калат.

«Районубуздагы ден-соолугунан майыптыгы бар жарандардан куралган «Асыл-Ай» коомдук бирикмекси көп жылдардан бери райондо майыптыгы бар адамдар үчүн калыбына келтирүүчү борбор куруу зарылчылыгы бар экенин айтып, кайрылып келет. Сузак райондук мамлекеттик админстрациясынын көмөгү менен райондун Жыгач-Коргон айылынан жер тилкеси бөлүнүп берилип, эл аралык уюмдардын көмөгү менен курулушу башталган. Ушул тапта имараттын дубалы көтөрүлүп калды, курулушчулар 2 айдын ичинде реаблитатциялык борбор толугу менен курулуп бүтөөрүн, демөөрчүлөрдүн көмөгү менен бардык зарыл болгон жабдыктар сатылып алынаары маалым болду. Бүгүнкү күнү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун облуска жасаган иш сапарында курулуш иштери менен таанышып, штат бирдигин чечип берээрин айтты»,-деди жетекчи А. Мамытов.

Ал эми, сөз болуп жаткан майыптыгы бар жарандар менен иш алып барган «Асыл-Ай» коомдук бирикмексинин жетекчиси Жумакан Жаркулова борбордо жарандар ден-соолугун калыбына келтирип гана тим болбой, кол өнөрчүлүктү да өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк болоорун айтты.

«Калыбына келтирүүчү борбор куруу боюнча 2012-жылдан бери маселе көтөрүп келебиз, бул сунушубуз быйыл колдоо таап, иштер жүрүп жатат. Мындагы борбор ишке кирге 8 киши иш менен камсыз болуп, майыптыгы бар жарандар келип саламаттыгын калыбына келтирүү менен бирге кол өнөрчүлүктү өздөштүрүп же компютер үйрөнүп кошумча каражат таап, коомчулук менен аралашып кетүүгө мүмкүнчүлүк алат»,-деди ал.

Кошучалай кетсек, Жалал-Абад облусунда 51 миңден ашуун ден-соолугунан майыптыгы бар жаран бар. Ал эми, Сузак районунда 13 миңден ашуун майыптыгы бар жаран мамлекеттен жөлөк пул алып келет.

Курулуш менен таанышкан Р. Сабиров борбордун кызматкерлерин штаттык бирдигин чечүүгө аракеттер көрүлөөрүн айтып. Акыркы мезгилде ден-соолугунан майыптыгы бар жарандарга мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнүп жатканын. Ага мисал катары жакында Ош жана Ысык-Көл облустарында президенттин резервдик фондунан акча каражаты бөлүнүп 1000 кишиге ылайыкташкан, дүйнөлүк стандарттарга жооп берген реблитациялык борборлордун курулуштары башталаарын кошумчалады.