Токтогулда 30 миңге чукул тейлеген жаңы өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүкчөсү курулуп жатат

Токтогулда 30 миңге чукул тейлеген жаңы өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүкчөсү курулуп жатат

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жумуш сапарынын алкагында райондун  Иманалиев айыл аймагында курулуп жаткан бул обьекттин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Маалым болгондой сөз болуп жаткан аймакта буга чейин өрт өчүрүү кызматы болгон эмес. Кырсык орун алган учурда куткаруучулар дээрлик 20 чакырым алыс аралыктан, тагырагы Үч-Терек аймагынан барышканын жергиликтүүлөр билдирди. Курулуш иштери быйыл июнь айында бүтөөрү айтылды.

Министр курулуш сапаттуу жана талапка ылайык жүргүзүлүшү зарылдыгын баса белгиледи.

Ошондой эле ал Токтогул райондук жана Кара-Көл шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн өздүк курамы үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыгып, кызматкерлердин көйгөйлөрүн жеринде укту.

Иш сапар мындан ары облус аймагындагы башка район жана шаарларда улантылат.