Токтогулда мыйзамсыз балык уулаган жарандар аныкталып, аларга 11 миң сом айып пул салынды.

Токтогулда мыйзамсыз балык уулаган жарандар аныкталып, аларга 11 миң сом айып пул салынды.

 Мындай маалыматты Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы Дурусбек Залимбеков билдирди. Анын айтымында суу сактагычка салынган торлор жок кылынган. 
"Күз келип, жарандар арасында балык уулоого чыккан жарандар көбөйдү. Мындан улам өлкөдө балык запастарын сактоо  мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу максатында эколог кызматкерлер эс алуу күндөрү атайын рейдик иш аракеттерди көрүп жатабыз. Бул жолу Токтогул суу сактагычында иш алып бардык. Анда, 1300 метр эски жана жаңы салынган синтетикалык торлор чогултуп, чогултуу учурунда тирүү кармалган форель түрүнө кирген балыктар кайра суу сактыгычка коёберилди. Ал эми, торлор жок кылынды.  Андын тышкары суу жээктеринде токтоп турган 3 кайык аныкталып кароо жүргүзгөн учурубузда 2 кайыктан балык уулоо шаймандары аныкталды.  Кайыктардын экөөсүнүн ээси табылып, мыйзам чегинде 11000 миң сом айып пулдар салынды. Кайыктардын тийиштүү уруксат документтери жок болгондугуна байланыштуу 3 кайык табылган далил буюм катары алынды",-деди Дурусбек Залимбеков. 
КРнын Укук бузуулар кодексинин 267- беренеси Балык уулоодо балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды пайдалануу Балык уулоодо балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды пайдалануу – жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.