Урматбек Самаев Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Урматбек Самаев Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды
Самаев Урматбек Обозбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Бүгүн жаңы орун басар облус активине тааныштырылды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Урматбек Самаевдин ишине ийгиликтерди каалап, облустун ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.
Буга чейин ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары кызматын Максат Сыдыков аркалап келген.