Жалал-Абад: акылдуу эсептегичтер орнотулган аймактарда жоготуулар төмөндөдү

Жалал-Абад: акылдуу эсептегичтер орнотулган аймактарда жоготуулар төмөндөдү

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмасына жана көзөмөлүнө ылайык, “КУЭТ” ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан электр энергиясынын жоготууларын азайтуу жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо багытындагы иштер жүргүзүлүүдө.

2025-жылы Сузак жана Базар-Коргон райондорунда, Майлуу-Суу жана Кара-Көл шаарларында жалпы 78 миң 500 даана 1-фазалуу жана бардык район электр тармактарында 4 миң 745 даана 3-фазалуу эсептегичтер орнотулду.

Акылдуу эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, мыйзамсыз кошулууларды аныктоого, дебитордук карыздарды азайтууга жана эң негизгиси — электр энергиясынын жоготууларын төмөндөтүүгө чоң жардам берет.

 2025- жылы “КУЭТ” ААКнын “Жоготууларды кыскартуу” боюнча буйругуна ылайык, Жалал-Абад электр тармактар ишканасында пилоттук долбоор ишке ашырылып, 10 кВ аба чубалгылары реконструкцияланып, СИП-2 жана СИП-3 өзүн- өзү көтөрүүчү зымдары тартылды.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында бир катар фидерлерде жоготуулар кыйла азайды.

- “Чолок-Терек” фидеринде 20,5 % -15,3 %;
- “Таштемиров” фидеринде 14,8% - 6,7%;
-“ГЭС” фидеринде 19,3% - 12,4% жоготуу азайды.

Бул көрсөткүчтөр акылдуу технологиялардын энергетика тармагындагы эффективдүүлүгүн дагы бир жолу далилдеп, жоготууларды азайтуу менен бирге электр энергиясын туруктуу жана сапаттуу жеткирүүгө шарт түзүүдө.

2026-жылы Сузак районунун Көк-Арт аймагына, Ноокен жана Токтогул райондоруна, Таш-Көмүр шаарына 65 миң даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Аталган жумуштар 2026- жылдын аягына чейин ишке ашырылат.

Санариптешкен система — так көзөмөлдүн, туруктуу камсыздоонун жана аз жоготуунун негизги кепилдиги.