Кечээ, 24-майдан 25-майга караган түнү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун бир катар аймактарында сел жүрүп, турак үйлөрдү жана унаа жолдорун суу каптаган.
Өзгөчө кырдаал эң көп Манас шаарында катталып, алдын ала маалымат боюнча 46 турак үй, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрү жана бир катар мекеме-ишканалардын аймактары сел сууларынан жабыркаган. Учурда сел сууларын тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Манас шаарында III даражадагы “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилди.
Мындан сырткары Базар-Коргон, Сузак жана Ноокен райондорунда да сел жүрүп, айрым ички чарбалык жана унаа жолдорунда кум-шагылдар топтолуп, жол каттамдары убактылуу жабылган. Тиешелүү кызматтар тарабынан жолдор тазаланып, каттамдар калыбына келтирилген.
Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы айрым айылдарда турак үйлөрдүн короолоруна жана жер төлөлөрүнө сел суулары кирип, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жер-жерлерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коммуналдык кызматтар жана атайын техникалар тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.
Жеринде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаев болуп, кырдаал менен таанышып чыкты. Ал тиешелүү тармак жетекчилерине селдин кесепеттерин ыкчам жоюу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жабыркаган аймактарда тазалоо иштерин күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.