Облус башчысы Тилек Текебаев Базар-Коргон шаарынын тургундары менен жолугушту

Облус башчысы Тилек Текебаев Базар-Коргон шаарынын тургундары менен жолугушту
Бүгүн, 25-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Базар-Коргон шаарынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту.
Жолугушууга облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жалпы 510 жергиликтүү тургундар катышты.
Мында жарандар тарабынан негизинен жер тилкеси, турак жай жана жеке укуктук маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле жол коопсуздугун жана инфраструктураны жакшыртуу, мектеп жана бала бакча имараттарына болгон муктаждык, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү, Базар-Коргон шаарындагы автобекеттин айланасындагы жер тилкелеринин мыйзамсыз бөлүнүшү, шаар аркылуу агып өткөн Кара-Үңкүр дарыясынын жээктерин бекемдөө, жарандардын турак жайга болгон муктаждыгы боюнча кайрылуулар айтылды.
Жалпысынан 54 жаран тарабынан 67 маселе көтөрүлүп, алардын ар бирине тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү тарабынан маалыматтар берилип, юридикалык кеңештер айтылды. Айрым маселелерди жеринде чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар жүктөлдү.
Жыйындын жүрүшүндө облус башчысы Тилек Текебаев жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн ар бир маселе көзөмөлгө алынарын белгилеп, айтылган көйгөйлөр мыйзам чегинде каралып, тиешелүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады.