Жалал-Абад колледжи: “Кесиптик билим берүүдө киреше алып келүүчү тармактарды өнүктүрүү багыттары”

Жалал-Абад колледжи: “Кесиптик билим берүүдө киреше алып келүүчү тармактарды өнүктүрүү багыттары”

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи “Кесиптик билим берүүдө киреше алып келүүчү тармактарды өнүктүрүү багыттары” аталышында кереге кеңеш конференциясын өткөрдү.

     Мындай иш чараны өткөрүүнүн максаты алдыңкы тажрыйба борборунун эмгек рыногунун талаптарына ылайык, компетенттүүлүк негизде окутууда социалдык өнөктөштөр менен кызматташуу жолдорун талкуулоо жана окуу өндүрүштүк комплекстер аркылуу окутуунун сапатын көтөрүү максатында,  өзүн өзү каржылоо үчүн киреше алып келүүчү тармактарды  өнүктүрүү болуп саналат.

Иш чаранын алкагында аталган колледж менен өнөктөш катары кызматташкан тараптар катышты. Алардын катышуусунда орто кесиптик билим берүүдө эмгек рыногуна анализ жасоо методологиясын ишке ашыруу, орто кесиптик билим берүүдө компетенттүүлүк негизде билим берүү программасын иштеп чыгуу эрежелери, жумушчу орунда окутуу-практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү, окуу процессинде жасалма интеллекти колдонуу жана санарип окутуу сыяктуу мастер класстар өтүлдү.  Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан Гүлзат Аширова, ЖАМУнун ректору, профессор Кеңешбек Усенов, Билим берүү министрлигинин алдындагы “Инклюзивдүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун менеджери Нурлан Атаканов жана иш берүүчүлөр менен студенттер катышты.

"Акыйкат" гезити