Жалал-Абадда 2024-жылы социалдык контракттан 100 миң сом алып, максатсыз пайдаланган 1 киши менен келишим жокко чыгарылып, акчасы кайтарылган
Мындай маалыматты Жалал-Абад шаардык эмгек-социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Назира Жакыпова билдирди. Анын айтымында өткөн жылы калаада мамлекеттик келишим менен 240 үй-бүлө 100 миң сомдон акча каражаттарын алышкан.
«Былтыркы жылы жалпы 240 киши соц контракт аркылуу долбоорлорун жазып, 100 миң сомдон алышкан. Алардын ичинен 47си соода-сатык менен алектенишет калгандары тигүүчүлүк, мал чарбачылы жана тамак аш азыктарын жасоону тандап алышкан. Биздин кызматкерлер алардын аракетине 3 жыл боюу көз салып, маниторинг жүргүзүп келебиз. Эгер долбоору жакшы ишке ашпай, киреше таппай баратса жумушчу топ менен карап чыгып, долбоордун багытын өзгөртүп беребиз. Аны менен катар биздин мекеме тарабынан жаш ишкерлер үчүн зарыл болгон окутууларды уюштуруп беребиз. Былтыркы жылы соц контракттан 100 миң сом алып, аны максатсыз пайдаланган бир жаран аныкталып, аны менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылып, каражат мамлекеттин эсебине кайтарылып берилди»,-дейт Н. Жакыпова.
Калкты жакырчылыктан чыгаруу максатын көздөгөн социалдык контракт долбоорунун алкагында 3 жылда Жалал-Абад шаарында 260 үй-бүлө 100 миң сомдон акча каражатын алышкан.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 3762 үй-бүлө каттоого алынган.