Жалал-Абадда курулушу жүрүп жаткан 4 көп кабаттуу үйдүн иши сотто каралып жатат
Мындай маалыматты Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы курулуш-контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгынын башчысы Алмаз Балташов билдирди. Анын айтымында ушул тапта калаада 28 көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат.
«2021-жылы прокуратура тарабынан мыйзамсыз курулушу жүрүп жатат делген ондогон көп кабаттуу турак жайлар аныкталып, тизмелери чыгарылган. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 4 көп кабаттуу үй мыйзамсыз деп турат. Алардын документтери толук болуп, баарына мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу чыгарылган. Бирок, курулуш иши башталган мезгилде айрым уруксат кагаздары жок эле курулушту баштап салган. Азыркы тапта сөз болгон 4 турак үйдүн иши Жалал-Абад шаардык сотунда каралып жатат, алдыда алар да мыйзам талаасына келет»,-деди жетекчи А. Балташов.
Иши сотто теришитирилип жаткан көп кабаттуу үйлөр:
1. «Аманат Контракшн» ЖЧКсынын буйрутмасы менен Лавдан-Кара айылында курулуп бүтүп, экспулататцияга берилген көп кабаттуу үй.
2. «Роял-Строй К К» ЖЧКсынын буйрутмасы менен калаанын Б. Осмонов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үй.
3. Сулайманов А аттуу жаранга тиешелүү болгон 9 кабаттуу турак үй Кыргыз Республикасы көчөсүндө жайгашкан.
4. Паизов Теңирбек аттуу жаранга тиешелүү болгон шаардын мурдагы Ленин көчөсү 51 «В» дарегиндеги курулуп жаткан көп кабаттуу үй.
Мындан сырткары ал, өткөн 2024-жыл ичинде башкармалыктын кызматкерлери облус аймагында курулуш иштери жүрүп жаткан обьектилерди текшерүүгө алып, курулуш нормаларын сактабаган курулуш компаниялардын ээлерине 19 млн 394 миң сом айып пул салып, мамлекеттин эсебине өндүрүлгөнүн кошумчалады.
Б. Осмонов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үй.
Лавдан-Кара айылында курулуп бүтүп, экспулататцияга берилген көп кабаттуу үй.
9 кабаттуу турак үй Кыргыз Республикасы көчөсүндө жайгашкан.
Шаардын Т.байзаков проспектисинин 51 «В» дарегиндеги курулуп жаткан көп кабаттуу үй.