Жалал-Абаддагы селдин кесепеттери: Үйлөрдү суу каптап, унаа жол жабылды
28-апрелде саат 20:30дар чамасынан 29-апрель таңкы саат 04:00гө чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунун аймагында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Сузак жана Базар-Коргон райондорунун Арстанбап, Кызыл-Туу, Кыз-Көл айыл аймактарынын бир катар айылдарында сел суулары ички каналдарга батпай, болжол менен 30га жакын турак жайдын короолорун каптаган.
Мындан сырткары Бишкек–Ош унаа жолунун 400–410-чакырымдарында майда таштар түшкөн.
Аксы районундагы Кара-Жыгач–Кызыл-Көл унаа жолунун 3 жеринен, 7–11-чакырым аралыгында сел суулары каптап, унаа жолу түнкү саат 02:30да убактылуу жабылган.
Жерине башкармалыктан ыкчам топ жана райондук жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Сузак районундагы сел сууларын коопсуз аймакка чыгаруу максатында 14 куткаруучу, 3 мотопомпа жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн техникалары тартылган.
Мындан тышкары, Аксы районунда жолду ачуу максатында 5 оор инженердик техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.
Облустагы кырдаал Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин көзөмөлүндө.