Жол транспорт кырсыктарынын 87% айдоочулардын күнөөсү болууда

Жол транспорт кырсыктарынын 87% айдоочулардын күнөөсү болууда

 Мындай анализди Жалал-Абад ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Манас Сыдыгалиев айтты. Анын баамында,  көп учурда “Hyundai жана  Kia” үлгүсүндөгү унаалар кырсыкташат. 
“Бишкек-Ош унаа жолунун 380 чакырымы Жалал-Абад облусунун аймагынан өткөндүктөн, Баткенден же Бишкектен чыккан айдоочу биздин облустун аймагына киргенде чарчап же чалдыгып жол транспорт кырсыгына кабылат. Ага кырсыктын 87% айдоочулардын күнөөсү менен болгону далил. Алсак, былтыркы жылы облуста жалпы 742 жол транспорт кырсыгы катталып, андан  177 жаран каза болгон. Ал эми 1267киши  ар кандай жаракаттарды алган. Мындан улам биздин кызматкерлер жол траспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин алып баруудабыз”-,деди жетекчи М. Сыдыгалиев.