Өмүрбек Мамытов 300 миңден ашык калкы бар Сузак районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды

Өмүрбек Мамытов 300 миңден ашык калкы бар  Сузак районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды

36 жаштагы жетекчи буга чейин  Сузак райондук мамлекеттик  администрациясынын социалдык өнүктүрүү түзүмдүк бөлүмүн  жетектеп келген. Ага министрлик тарабынан сунуш берилип, 31-декабрда район акиминин буйругу чыгарылып, эмгек жамаатка тааныштырылды. Мекемени буга чейин жетектеп келген Сагынбек Кудайбердиев ротатциялык жол менен Базар-Коргон  районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгын башчысы кызматына дайындалды.  Сөз болуп жаткан Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жалпы 78 кызматкер эмгектенет. 
 Резюме: 
Толук аты-жөнү: Мамытов Өмүрбек Асылбекович
Туулган күнү жана жери: 14.08.1988-жылы Жалал-Абад шаары
Улуту: кыргыз
Билими: жогорку, Жалал-Абад Мамлекеттик университети Финансы жана
кредит адиситиги
Иш тажрыйбасы: 2017-2018-жж Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтери,
2018-2019-жж Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын
социалдык секторунун жетектөөчү адиси
2019-2022-жж Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын
уюштуруу жана иш кагаздары менен камсыздоо бөлүмүнүн
жетектөөчү адиси
14.02.2022-1.04.2024-жылдар аралыгында Көк-Жаңгак шаарынын 
вице-мэри (Мэрдин биринчи орун басары)
14.02.2023-13.04.2023-ж Көк-Жаңгак шаарынын мэринин милдетин 
аткаруучу 
12.05.2024-06.06.2024-ж Сузак райондук мамлекеттик
администрациясынын уюштуруу жана иш кагаздары менен
камсыздоо түзүмдүк бөлүмдүн жетектөөчү адиси
06.06.2024-30.12.2024-жж Сузак райондук мамлекеттик 
администрациясынын социалдык өнүктүрүү түзүмдүк бөлүмдүн 
жетекчиси.
31.12.2024-ж тартып Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо 
жана миграция башкармалыгынын башчысы
Класстык чини: Муниципалдык кызматтын III класстагы кеңешчиси