Жалал-Абадда жаңы административдик имараттын курулушу башталды
Жалал-Абад шаарындагы Т. Байзаков көчөсүндө жайгашкан 7,6 гектар жер аянтын ээлеген мурдагы Жазаларды аткаруу кызматынын ордуна Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын административдик имараты курулат.
Бүгүн анын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. ачылышка КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жетекчилер катышты жана калаа тургундары күбө болду.
Аземде Камчыбек Ташиев административдик имарат ыкчам курлуп, ошол эле учурда сапаттуу болушу зарылдыгын белгиледи. Бул аракет мамлекеттик кызматкерлерге керектүү шарттарды жаратуу, шаар инфраструктурасын жакшыртуу максатында колго алынганын кошумчалады.
Планда көрсөтүгөндөй Административдик имараттын курулушун келээрки жылы бүткөрүү мерчемделген. Ал жети кабаттан туруп, массалык иш-чараларды өткөрүүчү аянты жана сейил бак менен курчалат.