Өткөн жылы Жалал-Абад облусунда 2243 ишкана ачылды

Өткөн жылы Жалал-Абад облусунда 2243 ишкана ачылды

 Жалал-Абад облусунда 2024-жылы жалпы 2243 ишкана ачылды. Бул
тууралуу кечээ, 28-январда Жалал-Абад облусунун 2024-жылдагы социалдык - экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы каралган коллегияда айтылды.
Жыл жыйынтыгы чыгарылган коллегияга Министрлер кабинетинин
төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра
иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Президенттин Жалал-Абад
облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, район акимдери,
шаарлардын мэрлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйында маалым болгондой, өткөн жылы 2023-жылга салыштырмалуу 841
ишканага көп ачылды. Аталган ишканалардын эсебинен 4909 жаңы жумуш оруну
түзүлдү.
Алардын ичинен:
- өнөр жай тармагында 189 ишкана (801 жумуш орду);
- айыл чарбасында 301 ишкана (549 жумуш орду);
- соода-сатыкта 1057 ишкана (1464 жумуш орду);
- кызмат көрсөтүү тармагында 564 ишкана (1514 жумуш орду);
- курулуш кызматында 68 ишкана (425 жумуш орду);
- транспорттук кызматта 45 ишкана (137 жумуш орду)