Арстанбапта 3 гектардан ашуун аянтка көчөттөр эгилди

Арстанбапта 3 гектардан ашуун аянтка көчөттөр эгилди

Арстанбап-Ата токой чарбасынын Кош-Коргон участкасындагы аянтка жаңгак, бадам, мисте сыяктуу көчөттөр тигилген. Аталган токой чарбанын жетекчиси Сайдали Мамажанов бул жылы 40 гектар аянтка экме көчөттөр тигүү планы бар экенин айтат.

«Жыл сайын токой аянтын кеңейтүү максатында экме көчөттөрдү тигип келебиз. Бул жолу «жер балдары» деген ыктыярдуу топтун өкүлдөрү келип, 3 гектар аянтка көчөт тигип кетишти. Алдыңкы күндөрү 40 гектар аянтка 20 миң даана көчөт тигүү планыбыз бар. Көчөттөрдүн баары өзүбүздүн күнөчкадан чырылат»,-дейт жетекчи.

Мындан сырткары ал тигилген көчөттөрдү малдан сактоо максатында эл аралык уюмдарга кайрылып, токой аянттарын коргондоо максатында көмөк алып жатканын кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, Арстанбап-Ата токой чарбасынын жалпы аянты 19миң 100 гектар. Анын ичинен 8 миң гектардан ашуунун жаңгак токойлору түзөт.