“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы мектептерден, бала бакчалардан жана №24 китепканадан 2023-2024-күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү боюнча келген кайрылууларды кароо жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 8-ТОКТОМУ 28 -август 2023-жыл
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы мектептерден, бала бакчалардан жана №24 китепканадан 2023-2024-күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү боюнча келген кайрылууларды кароо жөнүндө”
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерден, бала бакчалардан жана №24 китепканадан 2023-2024-күз-кыш мезгилине карата даярыктарды көрүү жана эскилиги жеткен эшик терезелерин жаңылоо жөнүндөгү келген кайрылууларды угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин, бала бакчалардын жана № 24 китепкананын 2023-2024-күз-кыш мезгилине карата даярыктарды көрүү жана эскилиги жеткен эшик терезелерин жаңылоо жөнүндөгү кайрылуулары эске алынсын.
- Айыл аймагында мектептердин, бала бакчалардын жана №24 китепкананын 2023-2024-күз-кыш мезгилине карата жылытуу системаларындагы кемчилдиктерди оңдоп түзөтүү жана эскилиги жеткен эшик терезелерди жаңылоого керектелген акча каражаты атайын комиссиянын корутундусунун негизинде жергиликтүү бюжеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3.Жогоруда ажыратылып берилген акча каражатын мыйзамдуу ажыратып берүү жана каралган акча каражатын натыйжалуу пайдалануу жагын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин.
Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго тапшырылсын.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы А.К.Кубатбеков