“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургуну Исабеков Алтынбек Абдукаримовичке Ноокен районунун ардактуу атуулу наамын жана төш медалын ыйгаруу жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезектеги XXII – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 6 – Т О К Т О М У 4-октябть 2023-жыл
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургуну Исабеков Алтынбек Абдукаримовичке Ноокен районунун ардактуу атуулу наамын жана төш медалын ыйгаруу жөнүндө”
Айыл тургуну С. Мамировдун кайрылуусунда, А. Исабеков Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында көп жылдан бери эмгектенип келгендигин, 2010-жылдагы Ош коогалаңында, Баткен жергесиндеги үч жолку мамлекеттик чек арада куралдуу кол салуу коогалаңдарда өз мекенин коргоп активдүү катышып, эл жер үчүн зор эмгегин аябай кошуп келгендигин ошондой эле Туркияда болгон зилзалага барып 50 куткаруучунун башчысы болуп куткаруу иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүп келгендигин эске алып, Ноокен районунунун ардактуу атуулу наамын жана төш медалын ыйгаруу жөнүндөгү айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги XXII – сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Жаңы-Арык айылынын Б. Шарабидин уулу көчөсүнүн тургуну С. Мамировдун кайрылуусу жана айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштары эске алынсын.
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында көп жылдан бери эмгектенип келген Исабеков Алтынбек Абдукаримовичке Ноокен районунун Ардактуу атуулу наамы жана төш медалы ыйгаруу боюнча тиешелүү райондук органдарга кайрылуу сунушталсын .
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу наамын жана төш медалын даярдоо, юридикалык иш кагаздарын камсыздоо, тиешелүү жогорку органдарга кайрылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Толубаевге милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков