“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын мурунку эсепчиси М.Ахмедованын кайрылуусу жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 6 Т О К Т О М У 7-февраль 2024-жыл
“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын мурунку эсепчиси М.Ахмедованын кайрылуусу жөнүндө”
“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасына айылдык кеңеш тарабынан 2022-жылдын 22-сентябрында XXVIII – чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын №8 токтомунун негизинде 400 000 (төрт жүз миң ) сом акча каражаты каралып, анын 250 000 (эки жүз элүү миң) сому бөлүнүп калган акча каражаты калып кеткендигине байланыштуу жумушчулардын соц. фонд салыгы төлөнбөй калганына байланыштуу текшерүү жүрүп тиешелүү органдар тарабынан 1 ай убакыт ичинде төлөөнү талап кылгандыктан бөлүнбөй калган акча каражатын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- “Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын мурунку эсепчиси М.Ахмедованын кайрылуусу эске алынсын.
- “Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасына 2022-жылдын 22-сентябрында XXVIII – чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын №8 токтомунун негизинде 400 000 (төрт жүз миң ) сом акча каражаты каралып, бирок андан калып кеткен 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин
3.Жогоруда ажыратылып берилген акча каражатын мыйзамдуу ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
4.Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков