“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 2027 “Бүргөндү” чек ара заставасына ашкана куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 14-ТОКТОМУ 28-август 2023-жыл
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 2027 “Бүргөндү” чек ара заставасына ашкана куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан № 2027 “Бүргөндү” чек ара заставасына ашкана куруу” долбооруну ишке ашыруу максатында айыл өкмөт башчысы Ш. Алыкуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү айыл өкмөт башчысы Ш. Алыкуловдун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан № 2027 “Бүргөндү” чек ара заставасына ашкана куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө маалыматы эске алынсын жана артыкчылыктуу долбоор деп табылсын.
- Ноокен райондук өнүктүрүү фондунаБүргөндүайыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан № 2027 “Бүргөндү” чек ара заставасына ашкана куруу” долбоорун ишке ашыруу жана токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы А.К.Кубатбеков