Эгиндерди өрттөн сактагыла!
Жай мезгили жакындап, чөп, кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо учуру жакындап калгандыктан, Базар-Коргон райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет: Жаз-жай айларынын келиши менен айыл чарба техникаларын ремонттоо иштери башталат, запастык бөлүктөрдүн тартыштыгына байланыштуу айыл чарба техникалары жакшы ремонт болбой, кыймылдаткычтардын ар кайсы жерлеринен май агып, электр өткөргүчтөрдүн кабыкчалары желип, өрттүн чыгышына себеп болуп калууда.
Ошондуктан жакынкы күндөрү башаталар алдын да турган комбайндар үчүн электр өткөргүчтөрдөн, кыймылдаткычтагы майдан өрт чыгып кетишинин алдын алып, алардын чөп-чардан таза болуусуна көңүл буруу керек. Бул үчүн баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандарды суу менен камсыздоо, чөп ташууда трактор, автоунаалардын түтүн чыгуучу жайларына учкун кармагычтарды орнотуу, эгин талаасында тамеки тартпоо зарыл.
Дагы бир коркунуч алып келүүчү нерсе - айыл чарба техникаларына күйүүчү майды куюу. Күйүүчү майды атайын бөлүнгөн коопсуз жайда жүргүзүү керек, ансыз өрт чыгып, ал айланага жайылып кетиши ыктымал.
Комбайндарды ремонттоо жана аларды талапка жооп берээрлик даражада баштапкы өрт өчүргүч шаймандар (фляга суусу менен, кийиз, кум) менен камсыз кылуу жагы аймактык жетекчилер жана техсервистердин башчылары тарабынан катуу көзөмөлгө алынышы керек.
Базар-Коргон райондук ӨКБнүн ӨӨжААБнүн улук офицери
улук лейтенант: Акыл Шарипов