Мындай маалыматты КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров аталган округдан ЖКнын депутаттыгына бара жаткан талапкерлер жана Базар-Коргон, Ноокен райондору жана Майлуу-Суу шаарынын активи, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолуккан жыйында айтты.
“Өткөн жылдын 30-ноябрында өткөн ЖКнын депутаттарын шайлоодо дүйнө жүзундө алгачкы жолу аралыктан добуш берүүнү Кыргызстан практикада сынап көрдүк. Албетте бул ийгиликтүу ишке ашып, өз жемишин берди. Бирок,1-мартта 13-округда кайрадан өтчү шайлоодо бул система болбойт. Анткени, аны ишке ашыруу көп каражатты жана адистерди талап кылат”,-деди төрага.
БШКдан билдиргендей 1-мартта кайрадан шайлоо өткөрүлчү 13-шайлоо округунда жалпы 94 шайлоо участкалары бар. Аларда 161 347 шайлоочу бар. Алардын ичинен эркектер - 80 394, же 49,83%, аялдар - 80 953, же 50,17% түзөт.