КООПТУУ АЙМАКТАН КӨЧ

КООПТУУ АЙМАКТАН КӨЧ

Аксы райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери райондогу кооптуу аймакта жашаган жашоочуларды коопсуз жайларга көчүп чыгуулары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Кыдыруунун алкагында атайын эскертме баракчалары таратылды. Атап айтканда Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында жашаган 1, Авлетим айыл аймагында 12 жаранга,  Кара-Суу айыл аймагында 39, Кызыл-Туу айыл аймагында  26 болуп жалпы 78 жаранга эскертүү берүү менен кооптуу жайдан көчүп чыгуу талабы коюлду. “Ар бир жаран өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн камкордук көрүүсү зарыл. Андыктан бул ишке кайдыгер карап олтурууга болбойт” – деп баса белгилешти адистер.

Абдымомун Калбаев, “Акыйкат”