Манас шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы болуп өттү (сүрөт баян)

Манас шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы болуп өттү (сүрөт баян)
Ага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу баштаган эл өкүлдөрү, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, мекеме–ишканалардын жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.
Күн тарбинде төмөнкү маселелер каралды:
1.Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын 11.08.2025-жылдагы кезектеги XI сессиясынын №8 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө.
2.Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын 26.12.2025-жылдагы кезексиз XX сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (Өнүктүрүү фонду боюнча).
3.Манас шаарынын аймагында жайгашкан жайлардын тарифтери жөнүндө.
4.Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын балансындагы мүлктөрдү өткөрүп берүү жөнүндө.
5.Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын 20.11.2025-жылдагы кезексиз XX сессиясынын №1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө (Б. Аттокуров көчөсүндөгү “Горгазга” берилген жерди жокко чыгарып, РЭО ГАИге кошуп берүү).
6.Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын 08.10.2025-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын №13 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
(Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү).
7.Манас шаардык кеңешинин сыйлыктары тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө.
8.Манас шаарындагы жеке менчик жер тилкесинин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө.
9.Манас шаарындагы мечиттерди жер тилкелери менен мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
10.Манас шаарындагы муниципалдык менчиктеги турак эмес жайларды оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө.
11.Эскилиги жеткен техникалык буюмдарды эсептен чыгарууга макулдук берүү жөнүндө.
12. Манас шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө.
13. “Мамлекеттик Ипотекалык Компания”ачык акционердик коомунун балансындагы жер тилкени Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө.
14. Ар түрдүү маселелер.
Сессияда күн тартибине коюлган маселелер боюнча эл өкүлдөрү тарабынан суроолор берип, сунуш-пикирлерди эске алуу менен бир добуштан колдоого алынды.