Жалал-Абад: 2026-жылдын  3 айында  319 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы каттады

Жалал-Абад: 2026-жылдын  3 айында  319 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы каттады

Жалал-Абад облусунун аймагында 2026-жылдын  3 айында  319 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, 319 коргоо ордерлери берилген. Мындай маалыматты облустук прокуратуранын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн прокурору Нурзила Молдоматова билдирди. Анын айтымында зордук-зомбулуктун бул түрүндө көп учурда аялдар жапа чегишет.

“Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын негизги бөлүгү, тагырагы  287 учур аялдарга карата жасалса, 17 эркектерге карата, 6 жашы жете элек кыздарга  жана 3 учур балдарга карата жасалган. Мындан улам дубандагы район шаарларда зомбулуктан балдарды коргоо боюнча 14 ведомстволор аралык кеңешмелер өткөрүлсө, областтык деңгээлде 1 координациялык кеңешме өткөрүлгөн”-,деди Н. Молдоматова .

Мындан сырткары ал быйылкы жылдын 1-январынан тартып 30-апрелине чейинки аралыгында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытында көзөмөл органы тарабынан 20 текшерүү жүргүзүлүп, 55 мыйзам бузуучулуктар аныкталып, жыйынтыгы менен 16 сунуштама, 2 талап келтирилип, 1 укук бузуу өндүрүшү козголуп, прокурордук актылардын негизинде тартиптик жоопкерчиликке 25, айып пулга 1 кызмат адамы тартылганын кошумчалады.

Ал, бул багыттагы иштер мындан ары да улантылаарын билдирди.