Жалал-Абад: Борбордук аянт шаңга бөлөндү
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүлүгүнүн 33 жылдык майрамы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Салтанат алгач Жалал-Абад таланттары тарабынан даярдалган театралдаштырылган көрүнүштөр менен башталды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоковдор баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери, аксакалдар, мекеме-ишканалардын жамааты, калаа тургундары жана меймандары катышты.
Иш-чарада облус башчысынын орун басары М.Акматов менен шаар мэри коомчулукту Эгемендүүлүк майрамы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттукташты.
Атайын куттуктоолордон кийин концерттик программа улантылды.