Жалал-Абад облустук китепканасында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата “Китеп – жан дүйнөнүн азыгы” аттуу XVI китеп Эл аралык фестивалы өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гулзат Аширова, шаар мэринин орун басары Гульбарчын Таштанбекова, китепкана жамааты, жазуучулар жана жаштар катышты.
Саамалык “Кыргызпатент” мамлекеттик агенттигинин түштүк аймактар аралык бөлүмү, облустук китепкана жана Кыргызстан жазуучулар Союзунун облустагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган. Иш-чаранын алкагында акын, жазуучу Азада Бегимкулованын 75 жылдыгына арналган эскерүү жана 77 жаштагы жазуучу Касиет Дөлөнованын жаңы китебинин бет ачаары болду.
Демилге китеп окуу менен билим алуунун баалуулугун даңазалап, руханий байлыкты тереңдетип, жаштарды туура жолго үндөөгө чоң салым кошоору белгиленди.