Жалал-Абад облусу өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды

Жалал-Абад облусу өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды

Өткөн 2023-жылдын январь-декабрь  айынын жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусу боюнча социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү жөнүндө

маалымат бул жолу доклад түрүндө эмес видео ролик аркылуу көрсөтүлдү.

 

Маалыматта төмөнкүдөй баяндалат: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндөгү»  Жарлыгын  ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2021-жылдын 23-декабрындагы №76 токтому кабыл алынып, облустун 2026-жылга туруктуу өнүктүрүүгө багытталган программасы жана 2022-2026-жылдарга 21 бөлүмдөн, 173 пунктардан турган иш чаралар планы бекитилип, аткарууга алынды.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2023-жылдын 14-февралындагы №37-б буйругу менен облустун 2023-жылга карата жалпы 14 тармактарда 96 пункттардан турган иш-аракеттер планы бекитилип, коюлган пландагы иш аракеттердин дээрлик бардыгы аткарылды.

Жогорудагы белгиленген программаны жана иш чаралар планын жана 2023-жылдын жыйынтыгы менен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, раймамадминистрациялар, мэриялар, мекеме-уюмдар, ишканалар,  ишкерлер жана айыл аймактары менен биргеликте, бир топ уюштуруу  иштерди аткарышты.

Анын  натыйжасында облуста 2023-жылдын январь-декабрь айында   салыштырма баада:

- өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси -108,8 %;

- айыл чарбасынын  өсүү темпи салыштырмалуу баада           -101,8%;

- негизги капиталга инвестицияларды тартуу                            – 91,8%;

- автотранспорт менен жүк ташуу                                               -109,6%;

-  жүргүнчүлөрдү ташуу                                                               -105,9%;

-  рыноктук  кызматтардын  көлөмү                                            -113,9%;

- чекене товар жүгүртүү                                                                -111,6%;

- акылуу  кызмат  көрсөтүү                                                           -104,3%  аткарылды.

Жалал-Абад облусунда Өнөр  жай,айыл чарба, капиталдык курулуш,транспорт, тышкы соода, бюджеттин аткарылышы, саламаттык сактоо, билим берүү тармактарындагы өзгөрүүлөр тууралуу аналитикалык материалдар менен Жалал-Абад облустук "Акыйкат"  гезитинин кийинки санында кенен токтолобуз.

Эскерте кетсек облустук коллегияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов,облус башчы Абсаттар Сыргабаев баштаган облустук мекеме ишканалардын жетекчилери,район-шаарлардын аким,мэрлери жана айыл аймак башчылар катышты.