ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ АТ САЛЫШКАН 3 ПАРТИЯ ТЕҢ 5%ДЫК БОСОГОДОН ӨТТҮ
Бул туурасында Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жусуп Бейшенбаев билдирди. Анын айтымында “Жаңы Кыргызстан” партиясы биринчи болуп өтсө “Адилет” партиясы экинчи, ал эми “Эмгек” партиясы үчүнчү болуп өттү.
Партиялар төмөнкүдөй добушка ээ болушту:
- "Жаңы-Кыргызстан" партиясы 11 миң 752 ( 48,44%)
- "Адилет" партиясы 9 миң 806 (40,01%)
- "Эмгек" партиясы 2428 (10,01%)
- Баарына каршы 273
Белгилей кетсек, административдик аймактык реформадан кийин Жалал-Абад шаардык кеңешинде депутаттык мандаттардын саны 31ден 41ге көбөйгөн
Демек эми партиялар үч күндүн ичинде депутаттардын тизмесин берсе, андан соң шаардык кеңешке келе турган 41 депутат тууралуу маалымат жарыяланат.
Жусуп Бейшенбаев маалымдагандай Жалал-Абад шаары боюнча жалпы 36 шайлоо участкасы, 1 аралыктан добуш берүүчү участка иштеди. Негизинен калаада шайлоочулардын жалпы саны 89 791 болсо, анын 24 260 добуш берип, шайлоочулардын 28%ы шайлоого катышты.
"Акыйкат"