Жалал-Абадда аскер кызматкерлерине жол кыймылынын эрежелин түшүндүрүлдү

Жолугушуу калаадагы 7704 аскер бөлүгүндө болду. Ага Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Тынычбек Саидов, Жалал-Абад облустук жана шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Иш чаранын жүрүшүндө атайын адистер айрым жол кыймылынын эрежелери жана жол белгилери боюнча түшүндүрмө берип, жолугушуу суроо-жооп жана талкуу менен коштолду. Жол кыймылын тескеген инспекторлор мындай түшүндүрүү иштери өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык өткөрүлүп жатканын, иш чаранын максаты жол кырсыктарынын санын жана анын кесепеттерин азайтууга багытталганын кошумчалап. Алдыңкы күндөрү ушундай эле жолугушуулар калаадагы жогорку окуу жайларда жана мамлекеттик мекемелерде уюштурулаарын маалымдады.