Жалал-Абадда Куран жарыш сынагы өттү

Жалал-Абадда Куран жарыш сынагы өттү

Жалал-Абадда Куран жарыш сынагы өттү. Жыл сайын облустук мусулмандар казыятынын демилгеси менен уюштурулган сынак бул жылы өмүрүн агартуу тармагына арнаган Абдижалил Ормоковдун жаркын элесине багышталган.

«Бул жылы өткөрүлгөн сынакка облус аймагынан 23 катышуучу катышты. Алар курандын 10, 20, 30 паралары боюнча күч сынашышкан. Сынактын байге фонду 690 миң сомду түздү. Катышуучулар Куранды кыраатын келтирип жана жатка айтуусун байкоо үчүн 5 кишиден турган калыстар тобу иш алып барышты», - деп билдирди казыяттан.

Маркум Абдижалил Ормоков Жалал-Абад шаарынын азыркы мэри Эрнисбек Ормоковдун атасы. Ал көп жылдар билим берүү тармагында эмгектенген.

"Акыйкат"