Өрткө каршы кызматы коомчулукка кайрылат
Өткөн 2023-жылдын 08-июнь күнү Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагындагы Таш-Булак айылында 50 гектар куураган чөп жана 3 гектар арпа күйүп, материалдык чыгымдарды алып келгенин адистер эскертишип, андай кырсыктар кайталанбашы үчүн коомчулукка кайрылышууда.
Урматтуу жарандар!Сузак району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жайкы өрт кооптуу мезгилде район аймагында өрт кырсыктарын алдын алуу жана материалдык чыгымдарды болтурбоо, адам өмүрүнө зыян келтирбөө максатында өзүңүздөрдүн аймагыңыздарда жайгашкан айыл чарба жерлеринде, жайыттарда өрт кырсыгын жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн дан эгиндеринин жана жакынкы жайгашкан конуштарга жакын аралыкта туурасы 5 метр болгон коргоочу айдоо тилкеси салуусун эскертет.
Ошондой эле ачык аймактардагы, коомдук имараттардын, мектептердин, бала бакчалардын, короо-сарайлардын жана таштанды таштоочу жайларда өрт кырсыктарын алдын алуу максатында аймактарды керексиз чөп-чардан тазалап, таштандыларды өрттөбөстөн күнүмдүк турмушта ачык отту пайдаланууда, тамеки тартууда өрт коопсуздук эрежелерин так сактоону эскертет.
Күндүн ысый баштаганынан улам талааларда, турак үйдө жана башка жерлерде өрт чыкканы тууралуу көрүп же маалымат алсаңыздар, тез арада 101,112 кызматына маалымдап коюусун өтүнөбүз.
Коопсуздугуңуз өзүңүздүн колуңузда экенин эстен чыгарбаңыз.
Сузак району боюнча ӨКБнүн ӨӨжААБнүн башчысы майор М.Бекенов