13-округда мыйзам бузуучулук орун алса кайрадан шайлоо өткөрүлөт

13-округда мыйзам бузуучулук орун алса кайрадан шайлоо өткөрүлөт
Мындай маалыматты Ноокен районунун мамлекеттик админстрациясынын аппаратында өткөн БШКнын өкүлдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана талапкерлер менен жолуккан жыйында КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров билдирди. Анын айтымында аталган округда кайрадан шайлоо өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 18,5 млн сом акча карадаты бөлүнүп берилген.
“Баарына белгилүү болгондой буга чейин көп мандаттуу 13-шайлоо округунда мыйзам бузуучулук фактысы орун алып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Мындан улам кайра шайлоо 1-мартка белгиленген, андыктан алдыдагы шайлоодо дагы мыйзам бузуучулук орун алып, ал укук коргоо органдарына катталса бул жолку шайлоонун жыйынтыгы да жокко чыгарылат. Мындан улам эрежени бузбай добуш берүүнү өткөрүп алалы, тандоону жарандардын эркине коюп берели”,-деди төрага Т. Шайназаров.
БШКдан билдиргендей 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн ЖКнын депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу 13- шайлоо округунда жалпы 8 мыйзам бузуучулук фактысы орун алган. Анын ичинен 4 факты талапкерлердин үгүт өнөктүгү учурунда, 3 факты админстративдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууда, 1 факты добуш сатып алууда орун алган. Анда 2 факты боюнча укук коргоо органдары тарабынан админстративдик протокол толтурулуп, 20 мин сом айып пул салынган.