44 жаштагы Жыпара Сабырова Жалал-Абад облусунун сотуна төрайым болуп дайындалды

44 жаштагы Жыпара Сабырова Жалал-Абад облусунун сотуна төрайым болуп дайындалды

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев 28-мартта кол койду. Ж. Сабырова кесиби боюнча юрист, юридика илимдеринин кандидаты, доцент. Ал, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотуна ротацияланып, андан соң 2025-жылдын январь айында Жалал-Абад облусунун сотуна судья болуп которулган.

Сабырова Жыпар Жумадиловна 1981-жылы 11-июлда Нарын шаарында төрөлгөн. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин аяктап, кийин кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 2015-жылы Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда судьялык карьерасын баштаган. Ал сот ишмердүүлүгүнөн тышкары өлкөнүн сот тутумунун өнүгүүсүнө активдүү катышып келет. 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Жогорку адилет мектебинин тренери болуп эмгектенип, судьяларды окутуу менен аларга практикалык билимдерди жана укукту колдонуудагы заманбап ыкмаларды үйрөтүп келет. Ошондой эле ал сот өндүрүшүн реформалоо, нормативдик актыларды иштеп чыгуу жана сотторго заманбап технологияларды киргизүү боюнча жумушчу топтордун жетекчиси.

Буга чейин, Жалал-Абад облустук сотунун төрагалык кызматын Каныбек Токтосун уулу аркалап келчү. Ал 2024-жылдын 31-декабырында бул кызматтан өз арызынын негизинде кеткен болчу.

28-мартта Президент Садыр Жапаров Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин сунушу менен жергиликтүү соттордун 84 судьясын ар кайсы аймактарга ротация кылуу тууралуу жарлыкка кол койду. ( https://president.kg/kg/news/21/38980 ротация боюнча гипер ссылка.)