Абдымомун Калбаев туулуп өскөн айылындагы мектепке барды
Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер, акын - жазуучу, журналист Абдымомун Калбаев өзү төрөлүп өскөн Аксы районундагы Авлетим аймагындагы Байгашка-Терек айылында жайгашкан Ыман Акылбеков атындагы орто мектепке барды. Ал, мектеп окуучуларына ылайыктуу көркөм адабий 30 нуска басмалардан жаңы чыккан ар түрдүү китептерди алып барып тапшырды. А.Калбаев китептерди тапшырып жатып мектеп окуучуларына ийгиликтерди каалоо менен китеп менен достошууга чакырды.
Абдымомун Калбаев өзүнүн чыгармачылык жолунда мектеп мугалимдери, окуучулар үчүн көп эле эмгектерди жазып, китептерди чыгарып, ата- энеден эрте ажырап калган балдарга мектеп курал-жарактарын берүү сыяктуу акцияларды өткөрүп келет.
Бул акын-жазуучунун биринчи жолку сапары эмес. Тактап айтканда жыл сайын бир ирет мектепке келип, окуучулар менен кезигишип, аларга чыгармачылыгы тууралуу айтып берип, бейнеси менен бөлүшүп турат. Өткөн жылы залкар Манасчы Саякбай Каралаевдын вариантындагы "Манас"эпосунун жаңы чыккан 4 томдугун белек кылган.
Ошондой эле жыл сайын эң мыкты китеп окурман окуучуларга акчалай сыйлыгын да берип турат. Бүгүн болсо китепкананын китеп фондусу жаңы 30 нуска көркөм адабияттар менен толукталды. Анын ичинде Кыргыздын залкар жазуучуларынын, акындарынын, орус, казак классиктеринин чыгармалары бар.
Ы.Акылбеков атындагы мектептин директору Айбек Жанчаров А.Калбаевге окуучулардын, мугалимдердин атынан ыраазычылык билдирди.