Аксыда 200 балага кийим-кече, 60 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Аксыда 200 балага кийим-кече, 60 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Бул туурасында Жалал-Абад облустук казыятынан билдирди. Маалым болгондой, демилгени жергиликтүү ишкерлер колдоп беришкен.

«Аксы районунун баш имам-хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыковдун демилгеси менен рамазан айында Кербен шаарындагы аз камсыз болгон 60 үй-бүлөгө күнүмдүк тамак ашка керектелүүчү азык-түлүк, 198 балага кийим-кечелер таратылып берилди. Ал үчүн 240 миң сом акча каражаты жумшалган»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда аз камсыз болгон, ата-энесинен эрте ажыраган 80 балага демөөрчүлөр тарабынан окуу куралдары таркатылып берилген болчу.