Аксыда дарбыз-коон бышып, чет өлкөгө экспорттолуп жатат

Белгилүү болгондой, райондун Үч-Коргон айыл аймагында бул жылы 2236 гектар аянтка бакча өсүмдүктөрү эгилген. Аталган айыл аймактын башчысынын орун басары Эсен Доулбековдун айтымында, ушул тапта дыйкандардын эгини жапырт бышып, сатып жатат.
«Ушул күндөрү дыйкандардын дарбыз-коону бышып, айылдагы дыйкан базарда аларман-сатармандар кымгуут. Айрым дыйкандар бышкан эшигинин үзүп келип, сатып жатса, кээ бири талаада эле дүңүнөн сатып жатышат. Ушул тапта дарбыздын 1 кг дүңүнөн 15 сомдон 17 сомго чейин болууда. Азыркы тапта баа орточо. Алармандардын же дыйкандардын айрымдары дарбызды Бишкекке же Россия Федерациясынын аймагына экспорттоп жатат»,-дейт ал.
Кошумчалай кетсек, Үч-Коргон айыл аймагында жалпы 3817 гектар айдоо аянты бар, анын 147 гектары кайракы. Дыйкандар бул жылы 2236 гектарга дарбыз-коон айдаса, 550 гектар жерге жүгөрү эгилген. 454 гектар жерге малга тоют катары беде, 235 гектарга жашылча, 120 гектарга пахта, 97 гектар гүрүч, 63 гектарга буудай себилген.