Арстанбап-Базар-Коргон унаа жолу толугу менен оңдолот
Мындай маалыматты “Кыргызавтожол туштук” ишканасынын жетекчиси Тамерлан Осмонов билдирди. Анын айтымында жалпы 39 чакырымды түзгөн бул жолдун 7 чакырымы былтыркы жылы жасалган.
“Баарына белгилүү болгондой акыркы жылдары туристтер көп барган аймактардын жолдорун жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Аталган жолдун 7 чакырымы 2025-жылы оңдолгон, ал эми калган 32 чакырымы быйылкы жылы жасалат. Ушул тапта долбоору жасалып, жолду курууга даярдыктар көрүлө баштады. Алгачкы жумуштар март айларынан башталат”,-деди Т. Осмонов.
Эске салсак, былтыр 2025-жылы транспорт министрлиги тарабынан Базар-Коргон районунда 32 чакырым жолго жаңыдан асфальт төшөлгөн.

