Айдоочу абайла: 3 күндө 3 автоунаа өрттөндү.

Айдоочу абайла: 3 күндө 3 автоунаа өрттөндү.

Токтоп турган автоунаалардан өрт чыккан учурлар катталып келген болсо акыркы мезгилде жүрүп бара жаткан автоунаалардан да өрт кырсыктары көп катталып, жарандар зыян тартышууда.

Алсак, 2023-жылдын 12-декабрь күнү Майлуу-Суу шаарында жолдо бара жаткан автоунаада, 14-декабрь күнү болсо Сузак районунда 1 жеңил автоунаа, Жалал-Абад шаарында шаардык  мекеменин жеңил жүк ташуучу автоунаасы убактылуу токтоп турган жеринде өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен улам жабыркаган.

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунун аймагында автоунааларда жана гараждарда 29 жолу өрт катталып, келтирилген зыян 12 миллион сомдон ашкан.  Аталган кырсыктардан улам 21 автоунаа толугу менен  жараксыз абалга келген. Мындан тышкары, автоунааларда жол-транспорт кырсыктарынан улам өрт чыккан учурлар да катталып келет.

Мисалы жыл ичинде облус боюнча өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрү тарабынан 444 түрдүү кырдаалдарга куткаруу үчүн чыгуулар болду. Анын ичинде 51 жолу жол-транспорт кырсыгына чыгуу болуп, жол-кырсыктарына кабылган 9 жаран куткарылып, 11 жарандын кысылып калган жана башка абалдагы жансыз денелери чыгарылган

Мындан улам Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетектөөчү адиси Аратбек Тапаев коомчулукка төмөнкудөй кайрылуу жолдоп жатат. 

Урматтуу автоунаа айдоочулар! Автоунаалардагы өрт кырсыктарын алдын алуу максатында автоунаалардын бардык системаларын дайыма оң абалда кармап, белгиленген ылдамдыкты ашырбай, автоунааларды баштапкы өрт өчүрүүчу каражаттар менен камсыздоону  эскертебиз.   

 "Акыйкат"