“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын тургуну М.Толубаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Жаңы-Арык айылы №12 ТОКТОМУ 28-август 2023-жыл
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын тургуну М.Толубаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө”
Ношкен айылынын тургуну М. Толубаев айыл өкмөтүнөн Кайырма участкасындагы адыр жерден 2011-жылы 1,20 га жер тилесин өздөштүрүп бак тигип иштетип келген жеринин келишим мөөнөтү бүтүп калгандыгына байланыштуу, аталган жер тилкесиндеги бактары жетилип мөмөгө кирип калганын себебинен пайдаланып келген жеринен 0,60 га жер тилкесинин мөнөөтүн узартуу боюнча макулдук берип тиешелүү чечим кабыл алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ношкен айылынын тургуну М. Толубаевдин кайрылуусу эске алынсын.
- Ношкен айылындагы өздөштүрүү максатында иштетилип келген 1,20 (бир гектар жыйырма сотых) га жер тилкеси арыз ээси М. Толубаевдин тиккен бактарынын жетилип калгандыгына өздөштүрүү жери эсебинде келишим шарты менен убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
- Суралган жер тилкесинин тиешелүү иш кагаздарын, ижара келишимин мыйзам чегинде жүргүзүү жагын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы А.К.Кубатбеков