БАЛА ӨМҮРҮ- БААРЫНАН  КЫМБАТ

БАЛА ӨМҮРҮ- БААРЫНАН  КЫМБАТ

Аксы районунун мектептеринде райондук жол коопсуздугу кызматынын кызматкерлери таң эртең мененден чоң жолдорго жакын мектептерде окуучулардын  жолдон өтүүсүнө көмөктөшүп жатышат. Бул тууралуу журналист Абдымомун Калбаев кабарлады.

Мындай кызмат мектеп окуучулары үчүн ыңгайлуу болуп, ата- энелер да балдарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданбай калышты. Район боюнча 65 мектеп болсо алардын дээрлик баары көзөмөлгө алынган. Бул ишке участкалык бөлүмдөрдөгү ички иштер кызматкерлери да тартылышкан.  Окуучулар үчүн мындай шарт коопсуздуктун алдын алууда.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлордун айтымнда мектепке жакын жолдорго "окуучу" өтөт, "сак бол","бул жерде мектеп бар" деген сыяктуу белгилер коюлган  болсо да ага карабай катуу  ылдамдык менен өткөн 26  айдоочуга протокол толтурулуп, 26 миң сом  айып салынган.

Абдымомун Калбаев, "Акыйкат"