Бишкек -Ош авто унаа жолунда жалпы автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилди
Мындай маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой,мындай чектөө унаа жолдун 271 чакырымында, тагырагы Токтогул районунда жайгашкан Арал постунда кечээ 15-октябрь күнү саат 21:30дан тарта күчүнө кирген.
«Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу тилкесинде кар калың жаганына байланыштуу автоунаа тыгындары пайда болгон. Жеринде жол тейлөө мекмесинин тиешелүү техникалары тартылып, тазлоо жана автоунаа тыгындарын жоюу иштери жүрүүдө.
Мындан сырткары Бишкек-Ош авто жолунун Кара-Көл,Таш-Көмүр, шаарларында жана Ноокен,Базар-Коргон,Сузак райондорунда КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы буйругунун негизинде түшүндүрүү иштери уюштуруп, айдоочуларга кырдаал турукташканга чейин узак жолго чыкпай турууну эскертишүүдө»,-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.
Учурда Бишкек-Ош жолунун 271-чакырымында, тагырагы Арал постунда 350гө жакын жеңил жана оор автоунаа токтоп турат. Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан жүргүнчүлөр үчүн ысык тамак-аштар уюшулган.
"Акыйкат"