“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы Жанай-Сай көчөсүнүн жолуна асфальт төшөө” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 8-ТОКТОМУ 4-октябрь 2023-жыл
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы Жанай-Сай көчөсүнүн жолуна асфальт төшөө” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
“Бүргөндү айыл өкмөтү тарабынан сметалык баасы 6 127 504 сомдук Жаңы-Арык айылындагы Жанай-Сай көчөсүнүн жолуна асфальт төшөө” долбооруну ишке ашыруу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Ш. Алыкуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Бүргөндүайыл өкмөтү тарабынан сметалык баасы 6 127 504 сомдук Жаңы-Арык айылындагы Жанай-Сай көчөсүнүн жолуна асфальт төшөө” долбооруну ишке ашыруу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Ш. Алыкуловдун кайрылуусу эске алынсын жана артыкчылыктуу деп табылсын.
- Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна тапшыруу максатында жалпы сметалык суммасы 6 127 504 (алты миллион бир жүз жыйырма жети миң беш жүз төрт) сомду түзгөн Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы Жанай-Сай көчөсүнүн жолуна асфальт төшөө” долбоорунун сметасынын 10% депозиттик салымы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 612 750 (алты жүз он эки миң жети жүз элүү) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы А. Кубатбеков