Көк-Жаңгакта 200 балага ылайыкташкан күрөш залынын курулушу башталды
Шаар мэри Сыргак Замирбек уулу билдиргендей курулуш иштери ушул кийинки жылдын май айларына бүткөрүлөт.
«Көк-Жаңгак шаарында буга чейин машыгуу залы жок болгондуктан, спортчулар мектептин спорт залында, жер төлөлөрдө машыгып келишчү. Быйыл машыгуу залына муктаждык пайда болгондуктан сметалык баасы 53 млн 182 миң 800 сомдук курулуш жанданып, ал республикалык бюджеттен каржыланып, алгачкы жумуштар башталды. «Акжолтой и КО» ЖЧКсы курулушту 47 млн 49 миң 270 сомго утуп алды. Буйруса күрөш залы кийинки жылдын май айына толугу менен аяктап, пайдаланууга берилет»,-деди калаа башчысы С. Замирбек уулу.
Кошумчалай кетсек, Көк-Жаңгак шаарында 12 миңден ашык калк жашайт.
"Акыйкат"