«Кыргызнефтегаз» ААК: 2025-жылдын жыйынтыктары, жаңы стратегия жана өнүгүү багыттары
«КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ» ААК: ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫН, ЖЫЙЫНТЫКТАР ЖАНА ЖАҢЫ ӨНҮГҮҮ БАГЫТТАРЫ
Кочкор-Ата шаарында «Кыргызнефтегаз» ААКнын акционерлеринин жылдык жыйыны өтүп, анда 2025-жылдын жыйынтыктары жана күн тартибиндеги масселелер каралды.
Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдун жетекчилиги, акционерлер жана кызматкерлер катышты. Жыйындын жүрүшүндө аткарылган иштер боюнча маалыматтар угулуп, күн тартибиндеги 20га жакын маселе талкууланды.

ӨНДҮРҮШ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкы инженери Заирбек Ажикулов маалымдагандай, 2025-жылы мунай өндүрүүнүн планы 175 миң тонна болсо, иш жүзүндө 167 миң тонна өндүрүлгөн. Ал эми 2024-жылы мунай өндүрүү 177 миң тоннаны түзгөн. Жыл өткөн сайын мунай өндүрүүнүн көлөмүнүн азайышынын негизги себеби – кен аянттарындагы пластык басымдын табигый төмөндөшү болуп саналат.
Ал эми жаратылыш газы 27,3 млн м³ көлөмүндө өндүрүлүп, план 109%га аткарылган. Бургулоо иштери 55 миң погондук метрге жетип, 32 жаңы скважина казылып, анын 22си пайдаланууга берилген.
Ошондой эле жалпысынан 1 млрд 677 млн сом капиталдык салымдар өздөштүрүлүп, бургулоо, газ өндүрүү, жабдууларды жаңылоо жана курулуш иштерине жумшалган.
______________
ФИНАНСЫЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨР
Заирбек Ажикулов белгилегендей, мамлекеттик бюджетке 1 млрд 745 млн сом которулуп, мамлекет алдында карыздык милдеттенмелер жок.
Жыл жыйынтыгында мекемедеги таза пайда 2 млрд 198 млн сомду түзүп, план ашыгы менен аткарылган. Бирок 2024-жылга салыштырмалуу пайда 265 млн сомго азайган. Мунун себеби — 2024-жылга салыштырмалуу мунай өндүрүү 10 миң тоннага аз болгондугу. Ошондой эле мунайды чийки түрүндө сатуу менен байланыштуу.
«Либертас групп» аудитордук компаниясы «Кыргызнефтегаз» ААКтын 2025-жылдагы финансылык отчеттуулугуна көз карандысыз аудит жүргүзүп, оң баасын берген.

ПАЙДАНЫ БӨЛҮШТҮРҮҮ ЖАНА ДИВИДЕНДДЕР
Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдагы пайдаларды бөлүштүрүү маселеси каралды. Коомдун каржы директору Бурканбек Темирбаев маалымдагандай, консолидацияланган таза киреше 2,589 млрд сомду түзгөн.
Анын ичинен 25% (647,3 млн сом) дивиденд катары бөлүнүп, 75% (1,94 млрд сом) өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган.
Бир акцияга дивиденддин өлчөмү 24,12 сомду түздү. Мамлекеттик үлүшкө (87,24%) 564,75 млн сом каралган.

2026-ЖЫЛГА ПЛАНДАР
«Кыргызнефтегаз» ААКтын 2026-жылга бюджети ишкананын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана келечек пландарына ылайык түзүлгөн.
Мунай өндүрүү 165 миң тонна, жаратылыш газы 25 млн м³ деңгээлинде пландалууда. Жалпы киреше 6,77 млрд сом, чыгашалар 3,86 млрд сом деп күтүлүүдө.

ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИ
Жылдык жыйындын жыйынтыгында акционерлер коомдун жаңы директорлор кеңешинин курамын шайлашты. Алар:
Сагынбек Абдрахманов,
Бакыт Егинбаев,
Бакыт Саадабаев,
Эркин Абдыкалыков,
Кеңешбек Масиров.

ӨКМӨТ ӨКҮЛҮНҮН ПИКИРИ
Акционердик жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Замирбек Кененбаев «Кыргызнефтегаз» ААКда бир катар өндүрүштүк көрсөткүчтөр пландан ашык аткарылганын белгиледи.
Ошондой эле ал жаңыдан дайындалган жетекчи Самсаалы Четимбаевге ийгиликтерди каалап, акционерлерди мекемени мындан ары да колдоого чакырды.

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИНИН СТРАТЕГИЯСЫ
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаев бул кызматка дайындалганына эки айга жакын убакыт болгонун билдирди.
Анын айтымында, мунай өндүрүүнү көбөйтүү үчүн жаңы скважиналарды бургулоо жана жаңы кен аянттарын өздөштүрүү зарыл.
Ошондой эле өндүрүлгөн мунайды толук кайра иштетип, даяр продукция катары сатуу жана кошумча киреше алып келүүчү жаңы ишканаларды түзүү аркылуу кирешени көбөйтүү пландалууда.

МОДЕРНИЗАЦИЯ ЖАНА КАРЖЫЛОО
Манас шаарындагы «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын мунай иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда. Каржылык кыйынчылыктарга байланыштуу «Кыргызнефтегаз» ААК айрым төлөмдөрдү өз убагында аткара албай келген.
Төрага Самсаалы Четимбаев аталган маселе боюнча өлкө башчысы Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгонун жана көйгөйлөр менен таанышкандан кийин президент аны чечүүгө көмөк көрсөтөөрүн билдиргенин айтты.
Натыйжада, өлкө башчысы каржы министрлигин тапшырма берип, кошумча 2 миллиард сом бөлүп берүүнү буюруган. Кагаз иштери бүткөн соң акча которулуп берилери айтылды.
Төрага билдиргендей, мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык, мунай продукцияларын экспорттоого коюлган чектөөлөр алынды. Мындай чечим Жалал-Абаддагы «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК чыгарган продукцияларды чет өлкөлөргө сатууга жол ачат жана буга чейин сатуу жаатында жаралып келген көйгөйлөр жоюлат.
Ошондой эле төрага 2028-жылдан тартып евро-4 жана евро-5 стандартындагы күйүүчү майды өндүрүү процесси башталаарын кошумчалады.

КАРЖЫ САЯСАТЫ ЖАНА ЧЫГЫМДАР
Самсаалы Четимбаев ишкананын каржылык чыгымдарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча чечим кабыл алынганын билдирди.
Анын айтымында, буга чейин демөөрчүлүк негизде каражаттар максатсыз түрдө жол курулуштарына, коопсуздук органдарынын объектилерине жана башка багыттарга бөлүнүп келген. Төрага мындай практиканы адилетсиз деп баалады.
Ошол эле учурда жумушчулардын профилакториясына жана «Зорька» лагерине кошумча төлөмдөр мурда киргизилген болчу.
Самсаалы Четимбаев кызматка киришери менен аталган кошумча төлөмдөрдү жокко чыгарганын билдирди. Ал белгилегендей, мындан ары биринчи кезекте кызматкерлердин муктаждыктары эске алынат.

АРСЛАНБАП ЭС АЛУУ БОРБОРУ
Жыйындын жүрүшүндө Арсланбаптагы эс алуу аймагынын абалы боюнча маселе көтөрүлдү. С. Четимбаев аталган объектке барып, анын абалы менен таанышканын билдирди.
Анын айтымында, жакынкы күндөрдө эс алуу борборунда толук капиталдык оңдоо жана курулуш иштери башталат.

ЖАЛПЫ ЖЫЙЫНТЫК ЖАНА КЕЛЕЧЕК БАГЫТ
Жаңы жетекчи мындан ары ишкананын ишмердүүлүгүндө ачыктыкты жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу, башкаруу системасын санариптештирүү, ошондой эле эмгек жамаатынын кызыкчылыктарын коргоо башкы артыкчылык болоорун белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында акционерлер мекеменин жетекчилиги тарабынан сунушталган алдыдагы пландар менен таанышып, өздөрүнүн суроо-сунуштарын билдиришти. Талкуулар конструктивдүү нукта өтүп, катышуучулар көрүлгөн иштерге жана белгиленген багыттарга канааттануусун билдиришти.
