Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасындагы кайрадан жаңыдан курулган “Кең-Сай – унаажол” жана “Уч-Курган – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункттары ачылып, иши жанданды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, УКМК төрагасынын биринчи орун басары — УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында кайрадан жаңыдан курулган “Кең-Сай – унаажол” жана “Уч-Курган – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктарынын ачылыш аземине катышты.
Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев - бул пунктар туристтердин агымын жогорулатууга, эки өлкөнүн тең транспорттук-логистикасын жана элдин күнүмдүк жашоосуна ыңгайлуу шарт түзүлөт – деп белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына болгон жогорку даражалуу сапарларынын алкагында Жалал-Абал облусу менен Наманган облусунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча бекитилген “Жол картасына” ылайык жогорудагы көзөмөлдөө-өткөрүү пунктарын кайрадан жандандыруу маселеси каралган болчу.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу 2023-жылы 14 млн ашуун адам өтсө, 2024-жылдын сегиз айында анын саны 11 млн адамга жеткен, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 1,5 млн адамга көп. Ал эми өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2023-жылы 693,6 млн долларды түзсө, 2024-жылдын 7 айында 428 млн долларга жетип, ал 2023-жылдын ушул мезгилине карата өсүү темпи 6,7%ды түздү.